«Керемет Банк» АКШ тарабынан санкция салынышы боюнча үн катты

«Керемет Банк» АКШ тарабынан санкция салынышы боюнча үн катты

«Керемет Банк» аларга АКШ тарабынан санкция салынышы боюнча үн катты.

Банк өлкө мыйзамдарына жана эл аралык укуктарына шайкеш так иш алып барарын, ачык-айкындуулук принциптерин карманарын билдирди. Учурда алар кадимки тартипте иштеп жатат.

«АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча кеңсесине (OFAC) «биздин банк тарабынан мыйзам бузууларга жол берилген» деген билдирүүсүнө даттануу иретинде кайрылды», — деп айтылат маалыматта.

Банк алардын санкцияга кабылганы ишине таасир этпей турганын, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин толук кандуу арката берерин билдирди.

Эскерте кетсек, АКШнын Каржы министрлиги «Керемет Банкка» санкция салган. Ага банктын Россиянын «Промсвязьбанкына» санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшкөнү себеп болгону айтылган. Ошондой эле былтыр банктын 75%ын сатып алган чет элдик компания россиялык олиграх менен байланышы бар экени кабарланган.

«Керемет Банк» Россияга санкциядан кыйгап өтүүгө жардам берген деп өзү санкцияга туш болду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>