Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкекти аралап өткөн темир жол шаар четине көчүрүлөт
16.01.2025 | 15:08
Бишкектин мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин темир жолду шаардын четине көчүрүү боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.
Жыйында China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan компаниясынын өкүлдөрү темир жолду көчүрүү боюнча бир нече вариантты сунуштаган. Буга чейин өкмөт аталган компания менен Бишкек шаарынын темир жол жана автожол инфратүзүмүн кеңейтүү боюнча кызматташуу меморандумун бекиткен.
“Жыйындын соңунда тиешелүү кызматтарга мамлекеттик органдардын пикирлерин изилдеп, долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү иш-чаралар планын даярдоо тапшырылды”, – деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом