Ташиевдин уулу Словакиянын футбол клубунда ойнойт

Ташиевдин уулу Словакиянын футбол клубунда ойнойт

Кыргызстандын жаштар курамасынын (U-20) капитаны Эмир-Хан Кыдыршаев словакиялык «Тренчин» клубунун негизги командасы менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Буга чейин Эмир-Хан Кыдыршаев клубдун жаш курамдары үчүн ойноп келген. Ал клуб менен келишимди 1,5 жылга түздү.

Эскерте кетсек, Эмир-Хан Кыдыршаев — УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Камчыбек Ташиевдин уулу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>