Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жататКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөтСадыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолукту
Туристтердин жоругунан кийин Көл-Сууда унаа айдоого тыюу салынды (видео)
17.01.2025 | 12:26
Нарындын Ак-Сай өрөөнүндөгү Көл-Суу көлүндө кышында муз бетинде унаа айдоого тыюу салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Буга чейин соцтармактарга тоңуп турган Көл-Сууга туристтер унааларын айдап, жарышып, оюн уюштурганы тартылган видео тараган. Бул көрүнүш экоактивисттердин нааразычылыгын туудурган.
Андан кийин жерине мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия барып, Кел-Суу көлүндөгү муз үстүнө күйүүчү май тамбагандыгын, резина калдыктары калбагандыгын, ошондой эле экологияга жана айлана-чөйрөдө терс таасир тийбегендигин аныктаган. Алар муз бетинде унаа айдоого тыюу салган.
Ошондой эле туристтерди тоскон “Медер Ютком” мейманканасынын ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом