Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Чүйдө жаран аялы көзүнө чөп салганын билип, ойношуна бычак сайган
17.01.2025 | 14:35
Чүйдө жаран аялынын ойношуна бычак сайган деп кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 2024-жылы ноябрда 45 жаштагы жаран (Т.С.) Instagram аркылуу бир аял менен таанышып, кийин ал экөөнүн ортосунда мамиле түзүлүп, интимдик байланыш болгон.
Көп узабай аны аялдын күйөөсү (Т.А.) билип калып, 16-январда ал берки эркек (Т.С.) менен Кара-Балтада жолуккан. Экөө сүйлөшүп турганда ал кызганычтан улам тиги эркекти көкүрөк тушка бычак сайган. Бычак жеген жаран ооруканага түшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары аялдын 47 жаштагы күйөөсү (Т.А.) кармалган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.