Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
“Манас” аэропортуна 1,8 млн рубль салынган сумкасын унутуп кеткен кызга акчасы кайтарылды
17.01.2025 | 16:56
“Манас” эл аралык аэропортунда 1,8 млн рубль салынган сумкасын унутуп кеткен ээсине акчасы кайтарылды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Окуя 12-январда болгон. Москвадан Бишкекке саат 05:45терде учуп келген кыз акча салынган сумкасын эл отурган залда унутуп кеткен. Сумканы саат 07:20ларда аэропорттун кызматкерлери таап алган. 20-25 мүнөт өткөндөн кийин кыз келип, сумкасын унутуп кеткенин айткан. Аэропорттун кызматкерлери ага сумкасын берип, кыз акчасын санап, алып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом