Көк-Жардагы көп кабаттуу үйдө жарылган газдан жабыркагандар ооруканага түштү

Көк-Жардагы көп кабаттуу үйдө жарылган газдан жабыркагандар ооруканага түштү

Көк-Жар конушундагы көп кабаттуу үйдө жарылган газдан жабыркагандар ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, саат 08:54 чамасында Бишкек ШИИББдин “102” кызматына Көк-Жар  жаңы конушунун Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо Октябрь РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барышып, ал жерде 1-кабаттагы батирдин ашканасында газ түтүкчөсүнөн газ жарылганын аныкташкан.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин МЭЖге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалды.

Натыйжада жарылуу толкунунан батирдин терезелери жабыркаган.  Жабырлануучулар медициналык мекемеге жеткирилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>