Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Көк-Жардагы көп кабаттуу үйдө жарылган газдан жабыркагандар ооруканага түштү
19.01.2025 | 13:52
Көк-Жар конушундагы көп кабаттуу үйдө жарылган газдан жабыркагандар ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, саат 08:54 чамасында Бишкек ШИИББдин “102” кызматына Көк-Жар жаңы конушунун Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо Октябрь РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барышып, ал жерде 1-кабаттагы батирдин ашканасында газ түтүкчөсүнөн газ жарылганын аныкташкан.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин МЭЖге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалды.
Натыйжада жарылуу толкунунан батирдин терезелери жабыркаган. Жабырлануучулар медициналык мекемеге жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар