Новомихайловка, Военно-Антоновка айылдарынын аттары өзгөрдү

Новомихайловка, Военно-Антоновка айылдарынын аттары өзгөрдү

Президент Садыр Жапаров “Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматы кызматы билдирди.

Мыйзам 2024-жылы 5-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык:

  • Баткен районунун Говсувар айылын Орто-Боз, Лейлек районунун Чимген айылын Чымкен жана Голбо айылын Алтын-Бешик, Мадания айылын Айбике, Кыргызстандын 50 жылдыгы айылын Миң-Жыгач, Чапаев айылын Арча-Бешик;
  • Нарындын Ат-Башы районунун Дыйкан айылын Чоко-Бий, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагы,
  • Оштун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагын Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы, Өзгөн районунун Киров айылын Кенжебай,
  • Таластын Айтматов районунун Куру-Маймак айылын Сатыкей, Покровка айыл аймагын Семетей айыл аймагы, Покровка айылын Семетей,
  • Чүйдүн Кемин районунун Новомихайловка айылын Бообек, Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагын Кожомкул айыл аймагы, Военно-Антоновка айылын Кожомкул, Ысык-Ата районунун Горная Серафимовка айылын Кебек-Бий айылы деп кайра атоо каралган.

Маалым болгондой, бул айылдардын аттарын өзгөртүү тууралуу чечимдер жергиликтүү тургундардын жыйынында кабыл алынып, тиешелүү жол-жободон өткөн.

Беш облуста тогуз айылдын аты өзгөрдү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>