Караколдун мугалимдерине өлкөдө чогултулган 192 ноутбук тапшырылды

Караколдун мугалимдерине өлкөдө чогултулган 192 ноутбук тапшырылды

Каракол шаарындагы STEM сабактары боюнча мугалимдерге «Алтын Казык» брендиндеги ноутбуктар тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мугалимдерге 192 ноутбук берилди. Алар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Технопарк» мекемесинин базасында чогултулган. Ата мекендик ноутбуктардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин министрлик түзгөн комиссия текшерген.

Ноутбуктарды тапшыруу иш-чарасы калаадагы М. Горький атындагы мектеп-гимназияда өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова катышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>