Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Караколдун мугалимдерине өлкөдө чогултулган 192 ноутбук тапшырылды
24.01.2025 | 10:42
Каракол шаарындагы STEM сабактары боюнча мугалимдерге “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Мугалимдерге 192 ноутбук берилди. Алар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулган. Ата мекендик ноутбуктардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин министрлик түзгөн комиссия текшерген.
Ноутбуктарды тапшыруу иш-чарасы калаадагы М. Горький атындагы мектеп-гимназияда өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова катышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом