Бишкек – Ош жана Суусамыр – Талас – Тараз жолдорунда кар көчкү атып түшүрүлөт

24.01.2025 | 12:16

Бишкек – Ош жана Суусамыр – Талас – Тараз жолдорунда кар көчкү атып түшүрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Карк көчкү Бишкек – Ош унаа жолунун 132, 133, 135-чакырымында жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 198-чакырымында артиллериялык курал менен атып түшүрүлөт. Атып түшүрүү учурунда жолдо унаалардын бардык түрүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат.

Учурда ага даярдык иштери көрүлүүдө. Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Scroll to Top