Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
Каракол улуттук жаратылыш паркында A-frame үйлөр салынат
24.01.2025 | 11:54
Каракол улуттук табият паркында A-frame түрүндөгү үйлөр салынат. Бул тууралуу президенттин иш башкармылыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдириди.
Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен паркта заманбап инфраструктура түзүлөт. Электрондук шлагбаумдар, акылдуу кулпулар жана накталай эмес төлөмдөр киргизилет.
Ошондой эле паркка тиешелүү мыйзамсыз пайдаланылган жерлер мамлекетке кайтарылат. Ал туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн иштер күчөтүлө турганын айтты.
Белгилей кетсек, “Каракол” улуттук жаратылыш паркы 1997-жылы түзүлгөн. Анын аянты 38 миң 256 гектарга жетет. Паркта 700 түрдүү өсүмдүк өсөт. Элик, суусар, түлкү, тоо эчки жана башка жаныбарлар кездешет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом