Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашууда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 24-январда саат 12:00го жакын ашууда Коргоо министрлигинин артилериялык куралм менен 8600 куб метр кар көчкү түшүрүлгөн. Түшкөн кар жолго жеткен эмес.
Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жана Суусамыр – Талас – Тараз жолдорунда кар көчкү атып түшүрүү иштери жүрөрүн, ага байланыштуу жол маал-маалы менен жабылып турарын кабарлаган.
Бишкек – Ош жана Суусамыр – Талас – Тараз жолдорунда кар көчкү атып түшүрүлөт