Түркиялык инвестордун акчасын ээлеп алган. Таласта милиция кызматкери кармалдыЖазгы каникул узартылды: окуучулар 7 күн эс алышатКыргыз балбаны дүйнөнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди: Акматалиев UWW рейтингинде көтөрүлдүБишкекте «Достук» жана «Саякат» мейманкана комплекстерин масштабдуу реновациялоо башталды25-февралга карата аба ырайыКР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыялады
Таласта 10,8 млн сомдук 9,43 гектар жер мамлекетке кайтырылды
24.01.2025 | 18:01
Таласта мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Таластын прокуратурасы текшерүү учурунда Айтматов районунун Чолпонбай айыл өкмөтүндөгү 9,4 гектар жер аянты жана Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүндөгү 300 чарчы метр (3 сотых) жер тилкеси жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөнү аныктаган.
Текшерүүнүн натыйжасында баасы 10 млн 893 миң сомду түзгөн 9,43 гектар жерлер мамлекеттин менчигине кайтарылган.
“Бүгүнкү күндө тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом