Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Былтыр ички жана тыштан келген туристтерден Нарынга 127,4 млн сом түшкөн
30.01.2025 | 09:00
Былтыр Нарын облусуна өлкө ичинен жана чет жактан жалпы 141 миң 378 турист келген. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облуска келгендердин арасынан 113 миң 68и ички саякатчылар, калган 28 миң 310у чет өлкөдөн келген туристтер. Нарынга туристтер дүйнөнүн 64 өлкөсүнүн келген. Алардын арасынан сап башта Германия (3359), Франция (3190), Россия (2807), Кытай (2531), АКШ (2048), Швейцария (1543), Италия (1373), Испания (1243), Казакстан (1223) жана Польшанын (1180) жарандары турат.
Өлкө ичинен жана сырттан келген саякатчылар облуска жалпы 127 млн 424 миң сом калтырып кеткен.
Нарында 308 туристтик субьект каттоодон өткөн. Алардын ичинен 182си активдүү иштеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом