Бишкекте алдамчылыкка шектелген эки кызы киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, аларга 17-январда аял киши кайрылган. Ал билдиргендей, 2024-жылы декабрда Э. аттуу чала тааныш кыз акчасын көбөйтүп берем деп 1 млн 80 миң сом алган. Бирок убадасын аткарбай кача баштаган.
Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 24 жаштагы Ж.Э. жана 29 жаштагы Ж.А. аттуу эки кыз киши кармалган.