Новопавловкада айдоочу аялды унаанын эшигине кыпчып сүйрөп кеткенБишкектин борборунда жигит байланган видео: Атасы уулун тынчтандырууга аракет кылган — ШИИБИсламабадда Кыргызстан–Пакистан бизнес-форуму өттүАйнекти караңгылатуудан жана «өзгөчө» номерлерден түшкөн акча унаа каттоо системасын жаңылоого жумшалатКыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору түзүлөтВенада Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматташтыгы талкууланды
Кара-Кулжада 12,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды
03.02.2025 | 14:48
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, райондук прокуратура текшерүү учурунда Кара-Кулжа айылында айыл чарба багытындагы 12,5 га жер жеке тараптардын менчигине берилип кеткендигин аныктаган.
Прокуратура сотко кайрылып, натыйжада аталган жер муниципалдык менчикке кайтарылган. Анын баасы 4 млн 983 миң сомго жетет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом