Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Таласта мыйзамсыз аңчылык кылгандар милицияга кармалып, пара менен кутулайын деген
03.02.2025 | 15:47
Таласта мыйзамсыз аңчылык кылгандар милицияга кармалып, пара менен кутулайын деген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 31-январда Айтматов районунда тоодо 37 жаштагы эки жаран (Ш.А. жана Б.М.) тиешелүү документтери жок мылтык менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөнү аныкталган. Алар жоопкерчиликтен качуу максатында милиция кызматкерлерине пара сунуштаган.
Бул факт боюнча “пара берүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Аталган жарандардын бири (Б.М.) милиция кызматкерлерине 10 миң сом берип жатканда кармалган. Соттун чечими менен ага үй камагына алуу бөгөт чарасы колдонулган.
Алардан алынган мылтыкка соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.