Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
ИИМ Ошто SunRise мейманканасы мамлекетке кайтарылганын билдирди
04.02.2025 | 10:10
Ош шаарында SunRise мейманканасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматы боюнча, аталган мейманкананын имараты мурда бала бакча болгон. Бирок 2004-2007-жылдары мэриянын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында ал жеке менчикке берилип кеткен.
Кийин имарат мейманкана болуп өзгөртүлгөн.
Аталган факы боюнча “коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
ИИМ мейманкананын имараты мамлекетке кайтарылганын билдирди. Анын баасы 74,6 млн сомго жетет.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом