Мурдагы министр Кутманова менен уулу 8 жылга абакка кесилди

Мурдагы министр Кутманова менен уулу 8 жылга абакка кесилди

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов 8 жылга абакка кесилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Динара Кутманова Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле ага 3 жылга мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынган.

Ошондой эле анын уулу Кемелбек Кутманов 209-берене (алдамчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга абакка кесилген. Ага 3 жылга ишкерчилик менен алектенүүгө тыюу салынган.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 22-июлда «Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы» коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече адам, анын ичинде Динара Кутманованын сиңдиси кармалганы, уулу Кемелбек Кутманов издөөгө алынганы кабарланган.

Кийинчерээк Кутманова уулу Түркияда уурдалганын, уурдаган адамдар акча сурап жатканын, бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирген. Бирок ИИМ Кутманованын сөздөрүн төгүндөгөн.

25-июлда УКМК экс-министр Динара Кутманова кармалганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>