ИИМ: Динара Кутманбаеванын уулу Түркияда уурдалган эмес

ИИМ: Динара Кутманбаеванын уулу Түркияда уурдалган эмес

Буга чейин экс-министр Динара Кутманова баласы Кемелбек Кутманов Түркияда уурдалганын айткан. Аталган маалымат такталбаганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-июнунда ИИМдин Тергөө кызматына 1960-жылы туулган К.С. кайрылган. Ал Түркияда жүргөн К.С.Кутманов аттуу баласын белгисиз адамдар уурдап кетишип, 600 миң доллар талап кылышканын айткан.

Бул факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

Текшерүүдө К.К. 2023-жылдын 29-майында Кыргызстандан Казакстан Республикасы тарапка кеткени белгилүү болгон. Казакстандын Ички иштер министрлигинин көмөгү менен К.Кутманов 29-майда Алматы-Вьетнам рейси менен учкан. 13-июнда Вьетнам-Алматы рейси менен кайра келип, андан соң Россияга Алматы-Москва каттамы менен учуп кеткени аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан такталгандай, К.К. Алматы-Москва рейси менен Россия Федерациясына барган, 14-июнда Москва-Цюрих-Дубай каттамы менен учуп, кайра 19-июнда Дубай-Москва рейси менен Россияга кайтып келген. Андан соң Москва-Стамбул рейси менен Түркияга учуп кеткен.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан К.К. 2023-жылдын 19-июнунда Москва-Стамбул каттамы менен Стамбулга барганы аныкталган.

10-июлда К.К. Түркиянын Стамбул шаарынын полициясына уурдалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган, бирок түрк полициясы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларда уурдоо фактысы тастыкталган эмес.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын өндүрүшүндө эко-фонддогу коррупция боюнча иш каралууда. Жемкорлукка шектелип 1989-жылы туулган Х.Ш.Т. 13-июнда (ошол күнү К.К. Алматы-Москва каттамы менен учуп келген) кармалып, СИЗОго киргизилген. Кармалган жаран К.Кнын жакын досу.

2023-жылдын 27-июнунда К.К. мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

11-июлда К.К. миграция кызматы тарабынан кармалып, учурда аны Кыргыз Республикасына депортациялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси чечилип жатат дешет министрликтен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>