Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргызстандык эки боксчу Испаниядагы мелдештин финалына чыкты
07.02.2025 | 12:38
Кыргызстандык боксчулар Ислам Төрөбаев жана Ихтияр Нишанов Испанияда өтүп жаткан Boxam эл аралык мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ислам Төрөбаев 57 кг салмакта күч сынашууда. Ал жарым финалдык беттеште казакстандык Жассулан Тилуембек жеңген. Эми алтын үчүн финалдык беттеште дагы бир казакстандык мушкер Еркхан Турдун менен кез келет.
Ал эми Ихтияр Нишанов 67 кг салмакта таймаш өткөрүүдө. Жарым финалда ал казакстандык Дулат Бекбауовду уткан. Финалда словакиялык Адолф Станек менен беттешет.
Боксчулар бул мелдешке башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында катышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт