Маданият министрлиги жаңы гимндин сөзүн жана музыкасын жазууга сынак жарыялады

Маданият министрлиги жаңы гимндин сөзүн жана музыкасын жазууга сынак жарыялады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын жаңы гимнинин сөзүн жана музыкасын жазууга сынак жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматы кызматы билдирди.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча мекемелер аралык комиссиясынын отуруму өтүп, анда министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев жаңы гимндин сөзүн жана музыкасын жазууга композиторлор, акындар, музыканттар жана чыгармачыл топтор катыша аларын айткан. Гимнде кыргыз элинин тарыхий мурастары, маданияты, ынтымагы, биримдиги тууралуу айтылышы керек.

Эскерте кетсек, былтыр 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу гимн өзгөрө турганын айтып чыккан. Кийин бул демилгени президент Садыр Жапаров колдой турганын билдирген. Ал жаңы гимн акындар, композиторлор тарабынан жазылып, элдин сынына коюларын жана көпчүлүккө жаккан гимн кабыл алынарын айткан.

Садыр Жапаров өлкө гимнин алмаштырууну колдойт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>