Чүй облусу экономикалык лидерлик статусун бекемдеди: өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355 млрд сомго жеттиӨзбекстандын экономикасы 2026-жылы 7 пайыздык деңгээлде өсөрү болжолдонуудаДепутат Орусиянын абактарында жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоону күчөтүүнү сунуштадыЭртең эртең менен Кыргызстанга Омандан алгачкы эвакуациялык каттам келет«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жандантты
УКМК Онкология борборунун бөлүм жетекчиси баштаган үч кызматкерин кармады
07.02.2025 | 16:02
Улуттук онкология жана гематология борборунун бөлүм жетекчиси баштаган үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган борбордун химия терапия бөлүмүнүн башчысы А.Т., бөлүмдүн дарыгери А.Х. жана улук медайым К.А. дары-дармектерди эсептен чыгарып, кийин аларды онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптарга сатып жүргөн деп шектелүүдө.
Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Буга чейин Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан акча талап кылууга шектелип кармалган.
https://reporter.kg/ukmk-onkologiya-borborunun-darygerin-karmady/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом