КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
УКМК Онкология борборунун дарыгерин кармады
29.01.2025 | 15:37
Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүү катары 36 жаштагы С.М. аттуу дарыгер кармалган. Ал онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптардан операция жасатуу, акысыз медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн, ошондой эле акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн каражатты каттоого албай, квитанция бербестен 2 миңден 20 миң сомго чейин акча алып жүргөн.
Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда бейтаптардан алган 119 миң сом жана 100 доллар табылып алынган.
Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом