Садыр Жапаров Илон Масктын «Азаттык» радиосун жабуу сунушун колдойт

Садыр Жапаров Илон Масктын «Азаттык» радиосун жабуу сунушун колдойт

Президент Садыр Жапаров миллиардер, Х социалдык тармагынын ээси, АКШнын Өкмөттүн натыйжалуулугун камсыздоо департаментинин башчысы Илон Масктын «Эркин Европа/Азаттык» радиосун жабуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу ал «Кабар» маалымат агенттигине билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин Илон Маск Х социалдык тармагындагы баракчасына «Эркин Европа/Азаттык» жана «Америка үнү» медиаларына америкалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жылына 1 млрд доллар сарпталып жатканын, бирок азыр аларды эч ким укпай турганын жазып, жаап салууга үндөгөн.

Андан мурдараак Американын президенти Дональд Трамп Мамлекеттик департаменти жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) аркылуу каржыланган чет мамлекеттерге жардам көрсөтүү боюнча ишти убактылуу токтоткон.

«Кабар» агенттигинин журналисти аталган маселелер боюнча президентке суроо узатып, Садыр Жапаров былтыр жыл аягында өткөн Элдик курултайда бул өндүү сунушту айтканын эске салган.

«Буга чейин Дональд Трамптын ЮСАИДдин ишин үч айга токтотуусу, эми Илон Масктын жана башка америкалык саясий ишмерлердин «Азаттык» радиосун жабуу демилгеси сиздин бул маселедеги эки ай мурунку позицияңызды кайталап жатат. Бул дал келүүбү же кандай?», — деп суроо салган журналист.

«Бул жөн гана дал келүү» деп айткан Садыр Жапаровдун пикири боюнча, Дональд Трамп менен ишкер Илон Маск миллиардер болгондуктан, «акча асмандан жаабасын жакшы билишет». Ошондуктан «америкалыктардын акчасын туш келди сапыра берүүнү токтололу» деп жатышат.

«Эң туура кылышат. Булардын мындай чечим кабыл алышын мен колдоймун. Анткени эшикте 21-кылым. Кандай маалымат болсо да, дүйнө жүзүнө беш мүнөттө тарайт.

Илгерки заман жок. Ал заман эскирди. «Азаттыкты» илгери, мындан 20-30 жыл мурун элдин баары күтүп укчу, ишенчү.

Себеби ал мезгилде интернет мынчалык өнүккөн эмес, смартфон деген жок болчу. Азыр «Азаттыктын» жаңылыктарына эл муктаж эмес. Элдин баары жаңылыктарды интернет аркылуу алышат», — дейт Жапаров.

Жапаровдун айтымында, азыр эл жаңылыктардын баарына ишене бербей, талдаганды үйрөндү. Кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай билишет.

«Мисалы, «Азаттык» бирөөнүн аброюна шек келтирип, жалган маалымат таратканда, эл талдап баштайт. Анан жалган экени билинип калганда, «эмнеге мындай жалган маалыматты таратып жатасыңар?» деп сураса, «кечирип койгулачы» деп кайра сайтынан алып коюшат.

Сотко берип баштаса, «бизде сөз эркиндиги өлдү» деп дүйнөгө жар салып чыгышат.

Ушул кантип болсун. Жалган маалымат таратуу же жаңылыктар менен манипуляция кылуу бул сөз эркиндигиби?», — дейт Жапаров.

«Ээн ооздук кылууну сөз эркиндиги же адам укугу менен алмаштырып албаш керек» деген президент Трамп менен Масктын чечимдерин колдоо керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, «Эркин Европа/Азаттык» жана «Америка үнү» — бир нече мамлекетте өкүлчүлүктөрү бар эл аралык медиалар. Кыргызстанда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы иштейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>