Астанадагы климаттык суу бөлүштүргүч
Астанада өткөн биринчи Аймактык экологиялык саммит практикалык чечимдерди иштеп чыгуучу аянтча катары уюштурулганы менен, аймактагы фундаменталдык ажырымды ачык көрсөттү. Бул карама-каршылык ондогон жылдар бою аймактын саясий географиясын аныктап келет: суунун башатында турган өлкөлөр менен ошол сууну керектөөчү өлкөлөрдүн ортосундагы тирешүү.

Казакстандын борборунда Жер күнүнө карата тарыхта биринчи жолу Аймактык экологиялык саммит (RES 2026) өттү. Борбор Азиянын беш президенти — Касым-Жомарт Токаев (Казакстан), Шавкат Мирзиёев (Өзбекстан), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Эмомали Рахмон (Тажикстан) жана Сердар Бердымухамедов (Түркмөнстан), ошондой эле Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух мамлекеттик чек араны тааныбаган маселе – суу кризиси боюнча позицияларын тактоо үчүн пленардык жыйынга чогулушту.
Бишкектин суу эсеби
Пленардык жыйындын негизги окуясы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун айтканы болду. Ал тоолуу өлкөлөрдүн позициясын так ортого койду. Кыргызстан глобалдык парник газдарынын 0,03%ын гана чыгарса да, президенттин айтымында, «өлкө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат». Садыр Жапаров республиканын суу экосистемасынын масштабдуу деградациясын далилдеген бир катар кооптуу маалыматтарды ачыктады. 2020-жылдан бери сел жана суу ташкындарына байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын саны үч эсеге өскөн; материалдык чыгым жылына 16 миллион долларга жетет. Мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарган, ал эми 2100-жылга чейин Кыргызстан өз мөңгүлөрүнүн 80%ын жоготуу коркунучунда турат. Теңир-Тоонун бермети болгон Ысык-Көлдүн деңгээли акыркы ондогон жылдарда дээрлик 14 метрге түшүп кеткен, ал эми аны азыктандырган дарыялардын саны жүздөн отузга чейин кыскарган. Ошол эле учурда, карама-каршылыктуу жагдай — бийик тоолуу мөңгү көлдөрүнүн саны 1968-жылдан бери 30%га көбөйүп, суу ташкындарынын кооптуулугун жаратууда.
Жапаровдун билдирүүсүндө аймакта «суу-энергетикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу экономикалык компенсациялык механизмди» киргизүүнү сунуштады. Бул сунуштун логикасы жөнөкөй арифметикага негизделген: жыл сайын Кыргызстандын аймагында 50 миллиард кубометрге жакын суу ресурстары түзүлөт, анын 12 миллиард кубометрин гана өлкө өз муктаждыгы үчүн колдонот, ал эми 38 миллиард кубометри коңшу мамлекеттерге кетет. Бул тууралуу КР президенти: «Ондогон жылдар бою биз суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимиттерин сактап, сууну топтоо жана коё берүү кызматтарын ишке ашырып, гидротехникалык курулмалардын коопсуздугун камсыз кылып келе жатабыз», — деп баса белгиледи. Садыр Жапаров бул иштердин баары «иш жүзүндө — сууну пайдалануучулардын бардыгы тарабынан колдоого алынышы жана кошо каржыланышы керек болгон экосистемалык кызмат көрсөтүү» экенин ачык айтты.
Бишкек маселенин каржылык жагын да ачык ортого койду: акыркы беш жылда суу чарба секторуна бюджеттен 259 миллион доллар багытталган, бул өлкөнүн жылдык бюджетинин 2%ын түзөт; акыркы бир жылда эле 80 миллиондой доллар бөлүнгөн. Бирок, президент маалымдагандай, бул каражаттар «эскирген инфратүзүмдү жаңылоо жана натыйжалуу заманбап тутумду куруу үчүн жетишсиз». Бул контекстте Жапаров Бишкекте энергияны үнөмдөөчү жана ресурстарды сактоочу технологияларды киргизүү боюнча Аймактык борбор ачууну сунуштап, эл аралык өнөктөштөрдү 2027-жылдын октябрында өтө турган «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитине чакырды.
Астананын институционалдык маневри
Саммиттин кожоюну Касым-Жомарт Токаевдин БУУнун алдында Эл аралык суу уюмун түзүү демилгеси (биринчи жолу 2025-жылы Ашхабадда сунушталган) бул саммитте конкреттүү формага ээ болду: RES 2026 алкагында бул маселе боюнча эл аралык консультациялардын биринчи айлампасы өттү. Казакстан президентинин кеңешчиси Зульфия Сулейменова түшүндүргөндөй, демилге «нөлдөн баштап жаңы система түзүү эмес, иштеп жаткан механизмдердин натыйжалуулугун жогорулатууга» багытталган.
Астана үчүн мындай активдүүлүк — жөн гана кайрымдуулук эмес, кылдат эсептелген стратегиялык кадам. Казакстан өзгөчө абалда: Өзбекстанга жана Арал деңизине карата ал суунун башатында турат, бирок Эртиш бассейнинде Кытайдын суу саясатынан көз каранды болгон төмөнкү өлкө болуп эсептелет. Суу мамилелерин БУУнун колдоосу астында институционалдаштыруу Астанага эки багыт боюнча тең сүйлөшүү позицияларын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Токаев өз сөзүндө Каспийдин тайыздашына жана Түндүк Аралды сактап калуу долбооруна өзгөчө басым жасады. Казак лидери суу ресурстары республика үчүн «туруктуу өнүгүү, экологиялык коопсуздук жана аймактык туруктуулук менен түздөн-түз байланышкан стратегиялык ресурс» экенин баса белгиледи.
Ташкенттин сунуштары жана Душанбенин балансы
Конкреттүү демилгелер боюнча Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сөзү эң мазмундуу болду. Ташкент саммитке даяр жети сунуштан турган пакет алып келди: «Таза аба» консорциуму, Чөлгө айланууга каршы аймактык борбор, «Жашыл соода коридору», бирдиктүү климаттык инвестициялык портфель, Борбор Азиянын экологиялык атласы, «Борбор Азиянын Кызыл китеби» жана жаштардын климаттык форуму. Мирзиёев Өзбекстанда кайра жаралуучу энергиянын үлүшү 30%га жеткенин жана он жылдыктын аягына чейин 50%дан ашарын, ал эми өлкө Париж келишими боюнча милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткарганын жарыялады. «Яшил Макон» долбоорунун алкагында жыл сайын 200 миллион дарак тигилип, кургап калган Аралдын түбүндөгү токой тилкелери 2 миллион гектардан ашкан.
Борбор Азиянын суу ресурстарынын 60%дан ашыгын камсыз кылган Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өз сөзүн Душанбе үчүн салттуу болгон «суу дипломатиясы» нугунда сүйлөдү. БУУнун «Туруктуу өнүгүү үчүн суу» аракеттер декадасын дал ушул Тажикстан демилгелегенин эске алсак, Астанадагы саммит Рахмон үчүн республиканын глобалдык суу ортомчусу катары статусун тастыктоого дагы бир мүмкүнчүлүк болду. Ал экологиялык күн тартибин гидроэнергетикалык долбоорлор жана «жашыл каржылоого» жетүү менен байланыштырып, катышуучуларды ушул жылдын июнь айында Душанбеде өтүүчү эл аралык конференцияга чакырды.
Каспий түйүнү жана монгол өңүтү
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Каспий деңизинин деңгээлинин катастрофалык түрдө төмөндөшүнө көңүл бурду. Ашхабад үчүн бул климаттык абстракция эмес, жээк инфратүзүмүнө, мунай өндүрүү кубаттуулуктарына жана Түркмөнбашы булуңунун экосистемасына түздөн-түз коркунуч. Каспийдин деңгээлинин түшүшү кооптуу чекке жетти, Бердымухамедов БУУнун алдында сууну пайдалануу боюнча аймактык кеңеш түзүүнү сунуштап, 2026-жылдын октябрында Каспий боюндагы мамлекеттердин өзүнчө жолугушуусун жарыялады. Анын сөзү дүйнөдөгү эң ири туюк суу сактагычтын тез тайыздап жатышына каршы бирдиктүү механизм иштеп чыга элек беш мамлекеттин ортосундагы ажырымды дагы бир жолу көрсөттү.
Жолугушууга Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун катышуусу өзгөчө маани берди. Монголия Борбор Азиянын суу балансына түздөн-түз катышпаса да, анын экологиялык көйгөйлөрүнүн масштабы Амударыя менен Сырдарыянын төмөнкү агымындагы көйгөйлөр менен тең келет: өлкө аймагынын 76,8%ын чөлгө айлануу процесси каптаган, жайыттардын 77%ы деградацияга учураган, Монголияда климаттын жылышы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн үч эсе жогору. Монгол президентинин сөзү континенттик Евразиядагы экологиялык кризис бир гана Каспий жана Арал бассейндери менен чектелбестигин айгинеледи.
Айтылбаган көйгөй
Бирок, Борбор Азиянын беш лидери тең бир маанилүү жагдайды оозго алышкан жок. Кеп Ооганстанда курулуп жаткан Кош-Тепа (Куш-Тепа) каналы жөнүндө болуп жатат. Ал курулуп бүткөндөн кийин аймактын негизги суу артериясы болгон Амударыянын агымынын 15%дан 30%га чейинки бөлүгүн алып кетиши мүмкүн. Эксперттердин эсебинде, бул Өзбекстанды суу менен камсыздоону 15%га, ал эми Түркмөнстанды 80%га кыскартышы ыктымал. Буга чейин Ташкенттин өкүлдөрү бул көйгөйдү ачык айтып келишсе, эң жогорку деңгээлде бул тема «табу» бойдон калды. Аймактык суу коопсуздугуна арналган саммит ар кандай компенсациялык механизмдерди жана демилгелерди бир заматта жокко чыгара турган бул коркунучту байкамаксанга салууну туура көрдү.
Келечек
RES 2026 саммитинин жыйынтыгында 2,3 миллиард долларлык 17 келишимге кол коюлду, бул Борбор Азиянын тарыхындагы ири «жашыл» макулдашуулар пакети болуп калды. Ошентсе да, стратегиялык ажырым сакталып калууда: жогору жактагы өлкөр дагы эле суу ресурстарын калыптандыруу жана сактоо үчүн компенсация талап кылышууда, ал эми төмөн жактагылар үзгүлтүксүз ирригацияны жана институционалдык кепилдиктерди күтүшөт. Мөңгүлөрдүн эриши жана аймактан тышкары жактагы макулдашылбаган каналдардын курулушу менен курчуп жаткан суунун азайышы үчүн ким төлөмөр болот деген суроо дагы деле жоопсуз калды.
Саммиттин форматын сунуштаган Астана аймактык экологиялык борбор статусуна ээ болду. Ал эми Борбор Азия суу тартыштыгы шартында биргелешип аман калуунун реалдуу механизмине ээ болобу, аны иштелип чыккан демилгелердин практикалык жүзөгө ашуусу гана көрсөтөт.