Шектүүнү кармоо учурунда уруп-сабаган милиция кызматкерлери камалды

17.04.2026 | 12:47

Бишкекте шектүү жаранды кармоо учурунда уруп-сабаган Октябрь райондук ИИБдин эки ыкчам кызматкерине иш козголуп, кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматына 26 жаштагы Э. уулу Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда аны кармоо учурунда милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалганын билдирген. Арыз ээси буга чейин алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Жаранды кармоо учуру видеобайкоо камерасына түшүп, ал соцтармактарга тараган. Кадрлардан милиция кызматкерлери шектүүнүн колун кайрып, башына бир нече жолу уруп, тепкенин көрүүгө болот.

ИИМ бул фактыны текшерип, Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери: Т. у. И. жана У. А. У. тарабынан бийликтен аша чабуу фактысын аныктаган. Аталган кызматкерлерге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top