УКМКнын, банктын кызматкерибиз деп 9 млндон ашык сомго алдап кетишкен. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте өздөрүн күч органдарынын жана борбордук банктын кызматкери катары тааныштырып, жаранды 9 млн сомдон ашык акчага алдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган адамдар алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алышканын билдирген. Шектүүлөр жабырлануучуга психологиялык басым көрсөтүү менен 9 млн 123 миң 470 сом акча каражатын эсептерине котортуп алышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында 35 жаштагы Ж.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга кармалган. Мындан тышкары, тергөө органдарына дагы беш адам жеткирилип, тергөө иштери уланууда.
Бишкек шаарынын ИИББи жарандарды мамлекеттик органдардын атынан телефон аркылуу акча которууну талап кылган чалууларга ишенбөөгө чакырат. Мындай учурларда сүйлөшүүнү токтотуп, 102 номерине кайрылуу керек. Укук коргоо органдары жана финансы мекемелери телефон аркылуу финансылык операцияларды жүргүзбөйт.