Соцфонд Түркияда иштеген кыргызстандыктар пенсияга чыга аларын эске салат

13.02.2025 | 18:25

Социалдык фонд Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга аларын эске салат.

Мекемеден белгилешкендей, 2020-жылы эки өлкөнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.

Келишимдин алкагында Кыргызстандын бир жараны (аял киши) Түркиядан пенсияга чыккан. Анын пенсиясы 490 лираны түзөт.

Scroll to Top