Бүгүн, 29-октябрда, өлкө боюнча жаан жаайтЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо үчүн 3,3 млн евро бөлдүVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн параддык кийимдин үлгүсүнө сынак жарыяландыБШК Атазовду Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тарттыЭми бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу жүргүзүүгө болотКыргызстан менен ЕРӨБ 400 млн евролук инфраструктуралык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол койду    
  Токтогул атындагы сыйлыкка эмгектерди кабыл алуу 3-мартта башталат
            17.02.2025 | 10:19        
		Адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу 3-мартта башталат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эмгектер 31-мартка чейин кабыл алынат. Кароого 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин жарыяланган көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия, адабият (поэзия, проза) чыгармачыл эмгектер кабыл алынат.
Кабыл алынбай турган эмгектер:
- чыгармалардын жыйнактары;
- тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 (бир миң) нускадан аз басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагы тыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар;
- изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер;
- концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар.
Мамлекеттик сыйлыкты алууга талапкерлер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана өлкөдөгү тиешелүү чыгармачыл биримдиктерге кайрылуусу зарыл.
Кошумча суроолор боюнча 55-77-64 телефон номерине байланышсаболот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
	 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                