«Альцгеймерден сактайт». Чет тил үйрөнүүнүн кандай пайдалары бар?

«Альцгеймерден сактайт». Чет тил үйрөнүүнүн кандай пайдалары бар?

Дүйнөдө чет тилин үйрөнгөн адамдардын катары жыл санап артып баратат. Бири ишине байланыштуу, башкасы окуусу үчүн, дагы бири хобби катары үйрөнөт. Тилди кайсы максатта үйрөнбөсүн, анын пайдасынан башка зыяны жок деп айтууга болот.

Дүйнө тилдери жана эне тил

«Дүйнөдө канча тил бар?» деген суроого так жооп табуу кыйын. Бирок болжолдуу түрдө 7 миңден ашык тил бар, калганы диалект экени айтылып келет. Ал да тилчи адистердин эсептөөлөрүнө байланыштуу.

Учурда дүйнөдө англис, француз, кытай, хинди, испан, араб, орус, португал, немис тилдери кеңири тараган.

Айрым бир тилдер өркүндөп-өсүп, дүйнөгө жайылып жатса, аз сандагы киши сүйлөшкөн тилдер убакыттын өтүшү менен жоголууда. Адистердин пикири боюнча дүйнөдө эки жумада 1-2 тил жок болот.

Немис жазуучусу, философ Иоганн Вольфганг Гёте: «Чет тилдерди билбеген адам өз эне тили тууралуу да эч нерсе билбейт», — деп бекеринен айтпаса керек. Себеби чет тилди (айрыкча тектеш тилдерди) үйрөнүп жаткан адам өзүнүн эне тилин жакшы тааный баштайт, кандай өзгөчөлүктөрү бар экенине көзү жетет.

Англис тили

Дүйнөдө англис тилин үйрөнгөн адамдардын саны арбын. Бирок бул тилди билгендер Кыргызстанда анчалык көп эмес. EF Education First компаниясы жарыялаган баяндамага таянып айтсак, Кыргызстан англис тилин билүү деңгээли боюнча дүйнөдө 91-орунда турат. Алдыңкы үч орунду Нидерланддар, Сингапур жана Австрия ээлеген. Ал эми Борбор Азия мамлекеттери арасында Өзбекстан 89, Казакстан 99 жана Тажикстан 106-орунду алган. Түркмөнстан бул рейтингге киргизилген эмес.

Тил үйрөнүүнүн пайдалары:

— Тил үйрөнүү мээнин иштешин, эс-тутумду жакшыртат;

— Адамдын ой-жүгүртүүсү кеңеет;

— Математикалык жөңдөмдү жакшыртат;

—  Кийинки тилди үйрөнүү жеңилирээк боло баштайт;

— Кары-картаңдардын оорусу саналган Альцгеймерден сактайт, тагыраагы, оорунун келишин орточо 4-5 жылга кечеңдетет;

— Жумушка алууда чет тил билген адамга артыкчылык берилет;

— Саякаттоодо, маалымат издөөдө кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>