Бишкекте мамлекетке 182 миллион сомдук бала бакча кайтарылдыУлууларга урмат-сый жана камкордук ар бир үй-бүлөдө болушу керек — КР Мамлекеттик катчысыБишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелип эки чет өлкөлүк жаран кармалдыАИ-92ге берилген субсидия айдоочуга айына 4,6 миң сомдон ашык үнөмдөөгө мүмкүндүк берет — Экономика министрлигиИИ-агенттер Канаданын өкмөтүнүн сайтына кирүүгө аракет кылышканОш шаарында 1 миң 200 орундуу чоң мектеп курулду
«Зордуктады» деп коркутуп акча опузалашкан. Бишкекте милиция кызматкери жана аял кармалды
21.01.2026 | 11:37

Бишкекте милиция кызматкери менен аял киши кармалды. Алар жаранды зордуктады деген айып тагуу менен коркутуп, акча опузалашкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Т.А. аттуу аял жана милиция кызматкери алдын ала сүйлөшүп алып, Ч.М.ге жогорудагы аялды “зордуктады” деген айып тагабыз деп коркутуп, акча талап кылышкан. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында шектүүлөр Ч.М.ден 350 миң сом пара алып жаткан учурда кармалышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Шектүүлөр соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камалды. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар