Чарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылдыСадыр Жапаров Жогорку Кеңеште: жиктелүү коркунучу, УКМКдан келген «кураторлор» жана ипотекаКыргызстан мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБден тышкары чыгарууга тыюу салуу эрежелерин өзгөрттүБишкектеги «Буффет» ашканасында массалык уулануу болду
Депутат: Мугалим менен дарыгерлердин айлыгын инфляцияга жараша көтөрүү керек
19.02.2025 | 14:18
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын инфляцияга жараша көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Ал билдиргендей, Улуттук банктын маалыматы боюнча, акыркы үч жылда өлкөдөгү акчанын көлөмү 330 млрд сомдон 540 млрд сомго чейин көбөйгөн. Акча көлөмүнүн көбөйгөнү өлкөдөгү инфляцияны да көрсөтүп турат.
Электр энергиянын баасы инфляцияга карап көтөрүлүп жатканын айткан депутат айлыктарды да инфляцияга жараша көбөйтүү керектигин белгелиди.
“Мугалимдердин жана дарыгерлердин аклыктарын карап чыгуу керек. Каржы министрлигине тапшырма берүү зарыл”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом