Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Токтогул суу сактагычында дээрлик 9 млрд куб метр суу калды
19.02.2025 | 15:39
Бүгүн, 19-февралга карата Токтогул суу сактагычында 9 млрд 48 млн куб метр суу калды. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында айтылат.
Суу сактагычка секундасына 193 куб метр суу агып кирип, 684 куб метр суу агып чыгууда.
Былтыр ушул эле күнү суу сактагычта 8 млрд 461 млн куб метр суу болгон. 158 куб метр агып кирип, 773 куб метр агып чыгып турган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом