Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттүИИМ: Журналист Алтынай Арстанбекова массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип кармалдыБишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 20 адамга жетти. Бирөө жандандыруу бөлүмүндөАшуулардагы абал: бардык унаалар үчүн чектɵɵлɵр жокКыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакырууда
Бишкекте жаштар арасында эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт
20.02.2025 | 13:28
Бишкекте 20 жашка чейинки (U-20) балбандар арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 27-28-февраль күндөрү Спорт ордосунда өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Балбандар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг салмактарда күрөшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт