Кыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти
Бишкекте жаштар арасында эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт
20.02.2025 | 13:28
Бишкекте 20 жашка чейинки (U-20) балбандар арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 27-28-февраль күндөрү Спорт ордосунда өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Балбандар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг салмактарда күрөшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт