Депутат Бишкек көчөсүндөгү жөө өтмөктөрдү алып салууну сунуштады

20.02.2025 | 15:45

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Чыңгыз Жумалиев борбор калаанын бир көчөсүндөгү жөө өтмөктөрдү алып салууну сунуштады. Бул тууралуу ал Турак жай-коммуналдык чарба жана административдик-аймактык реформа боюнча комиссияларынын жыйынында билдирди.

Жыйында ал Аалы Токомбаев көчөсүндө жол тыгындар көп болуп жатканын айтып, көчөдөгү жөө өтмөктөрдү алып салууну сунуштады.

“Эл мындай болуп калыптыр: биз үйдөн чыкканда эле алдыбызда жөө өтмөк туруш керек экен. Эл баспай калды. Соода борбор салынса, ага жөө өтмөк болуш керек. Түштүк магистралда (Аалы Токомбаев көчөсү – ред.) Алматы көчөсүнөн (7-апрель көчөсү -ред.) Совет көчөсүнө (Байтик Баатырга – ред.) чейин жок дегенде 8 жөө өтмөк турат. Эмнеге эл баспайт?! Ошол жөө өтмөктөрдү алып салалы. Адамдар бир жол чырактан экинчисине чейин басыш керек. Баарыбыз жалкоо болуп калганбыз. Ылдыйыраак 50-100 метр баскысы келбейт. Сөздүн ачыгы ушундай болуп жатат”, – деди ал.

Scroll to Top