Пенсиялык топтомо фондундагы акчасы 211 миңден ашык адамга берилген

21.02.2025 | 09:32

Кыргызстанда Пенсиялык топтомо фондундагы акчаларын жалпы 211 миң 49 адам алган. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Аларга жалпы 4 млрд 584,5 млн сом төлөнүп берилген.

Алардын ичинен:

  • Пенсияга чыкканда алгандар – 187 миң 256 адам (2 млрд 525,5 млн сом).
  • Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн – 4 миң 148 адам (215,7 млн сом).
  • Мураскорлорго төлөнгөнү – 11 миң 39 адам (301,7 млн сом).
  • Аскер кызматчылары – 927 адам (9,4 млн сом).
  • Ипотеканы төлөө үчүн алгандар – 6 миң 969 адам (1 млрд 438,5 млн сом).
  • Жумушсуздар – 255 адам (4,5 млн сом).
  • Оор дарттарды дарылоо – 524 адам (90,2 млн сом).

https://reporter.kg/soczfond-zhumushsuz-kalgandarga-ych-aj-8-min-somdon-tolop-beret-akchany-kantip-alsa-bolot/

Scroll to Top