Баткенде чек арада турган үй аркылуу Тажикстанга мал өткөргөн деп эки адам кармалды

21.02.2025 | 12:15

Баткендин Лейлек районунда чек арада турган үй аркылуу Тажикстанга мыйзамсыз мал өткөргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Аларды бүгүн, 21-февралда чек арачылар менен милиция кызматкерлери колго түшүргөн: Борбордук айылынын Достук көчөсүндө кыргыз-тажик чек арасы кесилишкен жерде турган тамдын ээси менен шериги үйдүн ичи аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга мал өткөрүп жаткан. Алар 2 баш бодо малды кошуна мамлекетке өткөрүүгө жетишип, дагы жетөөнү өткөрүүгө аракет кылып жаткан.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Scroll to Top