Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Чүйдө бирөөнүн малын баккан жаран 35 жылкыны сатып жиберген
21.02.2025 | 11:50
Чүйдө бирөөнүн малын карап иштеген жаран 35 жылкыны сатып жиберген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 8-январда аларга 65 жаштагы жаран (Д.А.) кайрылган. Ал билдиргендей, 2024-жылдын майынан тарта 2025-жылдын январына чейин анын сарайында малчы болуп иштеген киши (У.А.) 35 баш жылкыны кымырып алган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштери учурунда шектүү катары 54 жаштагы жаран (У.А.) кармалган.
Тергөө учурунда аныкталгандай, ал малды багып бермекчи болуп, бирок акча табууну көздөп жылкылары башка бирөөлөргө сатып жиберген.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом