Бишкекте такси унаасынын айнегин талкалаган айдоочу кармалды (видео)

Бишкекте такси унаасынын айнегин талкалаган айдоочу кармалды (видео)

Бишкекте бейбаштык кылганы үчүн издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, былтыр октябрдын баштарында Чүй менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде Honda CR-V жана Honda Civic унааларынын айдоочулары чырдаша кеткен. Чыр учурунда бир айдоочу экинчисин уруп, колундагы темир буюм менен Honda Civic унаасынын алдыңкы айнегин, каптал күзгүсүн жана фарасын талкалаган. Андан кийин окуя жеринен кетип калган.

Аталган факт боюнча Ленин райондук милициясы «бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Милиция шектүүнүн өздүгүн аныктаган. Ал 40 жаштагы И.А. аттуу жаран болуп чыккан. Ал издөөгө алынып, сот аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Дээрлик беш айдан кийин ал Бишкектен кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>