Мирбек Мамбеталиев маданият министри болуп дайындалды

27.02.2025 | 17:12

Мирбек Мамбеталиев маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды.  Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын октябрынан бери маданият министри болуп келген Алтынбек Максүтов 21-февралда кызматтан бошотулган. Анын ордуна Мирбек Мамбеталиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

26-февралда Жогорку Кеңеш Мамбеталиевди министр кылып дайындоого макулдук берген.

Scroll to Top