Ала-Букада белгисиз адам эки дүкөндү өрттөп кеткен. Шектүүлөр кармалды

Ала-Букада белгисиз адам эки дүкөндү өрттөп кеткен. Шектүүлөр кармалды

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы эки дүкөнгө өрт коюуну уюштурган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган А.Н. 2011-жылдан бери ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп каттоодо турат, мурда Ала-Бука районун караган киши болгон.

Ал быйыл 11-январда Россияда жүрүп, өзүнүн Кыргызстандагы шериктерине Өрүктү айылындагы тургундун азык-түлүк жана курулуш материалдарын саткан «Мурас» жана «Мурас 2» дүкөндөрүн өрттөттүргөн. Ал муну дүкөн ээси менен кас болгондуктан, өч алуу үчүн жасаткан. Дүкөн ээсине 43 млн сом зыян келтирилген.

Буга чейин дүкөнгө өрт койгон деген шек менен Ош облусунун үч тургуну З.А., К.А., У.Н. уулу жана Ала-Бука районунун жашоочусу, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Н.З. кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>