Кыргызстандык окуучулар биология боюнча олимпиадада 14 медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча олимпиадада 14 медаль утушту

Кыргызстандын окуучулар биология боюнча британ (British Biology Olympiad 2025) олимпиадасында 2 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 1 053 мектептен 18 533 окуучу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

  1. Айбийке Базарбаева, Olympiad League Academy 12-классынын окуучусу – алтын медаль;

Даярдаган: Эльбрус Тажибаев

  1. Улукбек Русланбеков, Бишкек шаарындагы Сейтек СТЕМ мектебинин 9-классынын окуучусу – алтын медаль;

Даярдаган: Эльбрус Тажибаев

  1. Нурбол Акматалиев, Бишкек шаарындагы American-European School 11-классынын окуучусу – күмүш медаль;

Даярдаган: Радмилла Джуджуз

  1. Нурсултан Увалиев, Olympiad League Academy 11-классынын окуучусу – күмүш медаль;

Даярдаган: Эльбрус Тажибаев

  1. Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы Сейтек СТЕМ мектебинин 10-классынын окуучусу – күмүш медаль;

Даярдаган: Эльбрус Тажибаев

  1. Омурбек Русланбеков, Olympiad League Academy 11-классынын окуучусу – күмүш медаль;

Даярдаган: Улукбек Жумалиев

  1. Каныкей Сатындиева, З. Бектонов атындагы мектептин 11-классынын окуучусу – күмүш медаль;

Даярдаган: Ирса Хан

  1. Саадат Султанова, Бишкек шаарындагы Сейтек СТЕМ мектебинин 10-классынын окуучусу – күмүш медаль;

Даярдаган: Бектемир Асылбек уулу

  1. Бекболот Музуротбеков, Покровка орто мектебинин 9-классынын окуучусу – күмүш медаль;

Даярдаган: Кость Наталья Федеровна

  1. Ирина Разводовская, Москва райондук сырттан окуу жалпы билим берүү орто мектебинин 10-классынын окуучусу – коло медаль;

Даярдаган: Радмилла Джуджуз

  1. Асема Джайнакова, №61-АФММЛ ОК 9-класстын окуучусу – коло медаль;

Даярдаган: Алай Алмазов

  1. Алан Кошмуратов, Газпром Кыргызстан мектебинин 11-классынын окуучусу – коло медаль;

Даярдаган: Алимахунова Айзада Кумахуновна

  1. Максатова Диана №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп гимназиясынын 9-классынын окуучусу – коло медаль;

Даярдаган: Исмаилова Чынара

  1. Чолпон Султанова, Бишкек шаарындагы Сейтек СТЕМ мектебинин 10-классынын окуучусу – коло медаль;

Даярдаган: Бектемир Асылбек уулу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>