Бишкектеги эки конушта 6-мартта суу өчүрүлөт

04.03.2025 | 15:21

Бишкек шаарынын “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында 6-мартта таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Суу саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала-бакчаларда, ооруканаларда жана өнөр-жай объекттеринде жок болот.

Суу түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Scroll to Top