Кыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти
Бишкекте 296,5 млн сомго үч көпүрө салуу пландалууда
04.03.2025 | 14:52
Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти борбор калаада үч жерге көпүрө салуу үчүн тендер жарыялады.
Көпүрөлөрдү курууга 296 млн 570,7 миң сом каралган.
Алардын бирин Ауэзов көчөсүндө салып, шаардагы жылуулук электр борборунун куурларынын үстүнөн алып өтүү пландалууда. Ага 144 млн 719,6 миң сом жумшалат.
Экинчи көпүрө Шүкүрөв көчөсүндө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнөн салынып, Медеров көчөсүнө чыгат. Курулушка 23 млн 163,9 млн сом каралган.
Үчүнчүсү Жибек-Жолунда Аламудүн дарыясы аркылуу өтөт. Ага 128 млн 687 миң сом каралган.
Тендер боюнча арыздар 18-мартка чейин кабыл алынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом