Парламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп таптыКыргызстанда ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1,2 млн долларга вакцина сактоочу кампа курулатАйыл чарба министрлиги менен нидерланддык компаниялар үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту14-февралдын аба ырайы: Жаан, кар жаайтКөк-Мойнок, Токтогул жана тоңгон Ара-Көл: Кыргызстандын табият кубулуштары аркылуу өткөн жолРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыялады
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Азия чемпионатына катышат
04.03.2025 | 14:15
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Иорданияда өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.
Уюмдун сайтындагы маалымат боюнча, Азия биринчилигине Кыргызстандан 9 балбан барат. Мелдеш 25-30-мартта өтөт.
Мелдешке бара турган балбандар:
- Алмаз Сманбеков (57 кг)
- Бекзат Алмаз уулу (61 кг)
- Тайырбек Жумашбек уулу (65 кг)
- Эрназар Акматалиев (70 кг)
- Орозобек Токтомамбетов (74 кг)
- Арсалан Будажапов (79 кг)
- Мухаммад Абдуллаев (86 кг)
- Бекзат Рахимов (92 кг)
- Каныбек Абдулхаиров (97 кг)
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт