Кыргызстандын грек-рим балбаны Акжол Махмудов быйыл да дүйнө чемпионатын утууну көздөөдө. Бул тууралуу ал Алматыдагы Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинен кийин билдирген.
Махмудов анын быйылкы башкы максаты дүйнө чемпионатын утуу экенин айткан.
Ошондой эле ал 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарына катышып, жеңишке жетүүнү көздөп жатканын билдирген.
Эскерте кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионаты быйыл 13-21-сентябрда Хорватияда өтөт.
Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, эки жыл катары менен дүйнө чемпионатын уткан (2022, 2023-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана күмүш байгесинин ээси, Азиянын үч жолку чемиону, бир жолу күмүш уткан.